# 7-статья. Тоолуу аймактардын статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1108)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 1-ноябрындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2003 года № 194 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О горных территориях Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/1320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108#diff=1192847..1192848>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1056/edition/1192847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1108/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө, 7-статья (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-7

---

Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары төмөнкүдөй бөлүнөт: деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикке чейин - жайпак тоолуу аймактар; дениз деңгээлинен 1500дөн 2000 метрге чейин бийиктиктеги - орто бийиктеги тоолуу аймактар; деңиз деңгээлинен 2000 жана андан ашык бийиктиктеги - бийик тоолуу аймактар. Жапыз, орто жана бийик тоолуу аймактардагы жеке жана юридикалык жактардын экономикалык жана чарбалык иши колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Өзгөчө корголуучу табигый аймактарда (улуттук жана табигый сейил бактар, табигый эстеликтер, дендрологиялык сейил бактар жана ботаникалык бактар, дарылоо жайлары жана ден соолукту чыңдоочу курорттор) жаратылышты пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. Ар кыл параметрлерди (медициналык-биологиялык, жайгашкан ордунун бийиктиги, алыстыгы жана жетүүгө кыйындыгы, табигый-климаттык, социалдык-экономикалык чөйрөсү ж.б.) эске алуу менен республиканын ар бир калктуу конушу боюнча эсептелген негиздүү чен, өлчөмдөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын Тизмесине белгиленген тартипте киргизилиши жана/же андан чыгарылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калк жашаган негизги зоналарды эске алуу менен тоолуу региондорду социалдык жана экономикалык өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат жана кабыл алат. (КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-8)
