# 27-статья. Тоолуу аймактарга инвестициялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1108)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 1-ноябрындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1056/edition/1192847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1108/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө, 27-статья (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-27

---

Тоолуу аймактарды инвестициялоо экономикалык жана социалдык өнүгүү максатында айрым региондорго жана аймактарга инвестицияларды (анын ичинде чет өлкөлүк), жаңы техникаларды жана технологияларды тартуу, туризмди өнүктүрүү, эс алууну өткөрүүнүн башка формалары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, тышкы экономикалык ишмердикти активдештирүү үчүн келип түшкөн инвестицияларды көбөйтүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай гана жолдор болбосун инвестициялоону жүзөгө ашыруу укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык, юридикалык, экологиялык, монополияга каршы жана башка талаптарды сактоо үчүн инвестициялык долбоорлорду экспертизадан өткөрүү укугуна ээ. Чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жагымдуу инвестициялык абалды түзүүнүн жана улуттук инвесторлор менен бирдей шарттардын негизинде гана жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк инвестицияларды жүзөгө ашырууда жеңилдик берүү жагдайы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-28)
