27-статья. Тоолуу аймактарга инвестициялар
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Тоолуу аймактарды инвестициялоо экономикалык жана социалдык өнүгүү максатында айрым региондорго жана аймактарга инвестицияларды (анын ичинде чет өлкөлүк), жаңы техникаларды жана технологияларды тартуу, туризмди өнүктүрүү, эс алууну өткөрүүнүн башка формалары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, тышкы экономикалык ишмердикти активдештирүү үчүн келип түшкөн инвестицияларды көбөйтүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай гана жолдор болбосун инвестициялоону жүзөгө ашыруу укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык, юридикалык, экологиялык, монополияга каршы жана башка талаптарды сактоо үчүн инвестициялык долбоорлорду экспертизадан өткөрүү укугуна ээ. Чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жагымдуу инвестициялык абалды түзүүнүн жана улуттук инвесторлор менен бирдей шарттардын негизинде гана жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк инвестицияларды жүзөгө ашырууда жеңилдик берүү жагдайы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1108/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>