# 21-статья. Салыктар жана төлөмдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1108)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 1-ноябрындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1056/edition/1192847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1108/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө, 21-статья (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-21

---

Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалануучу, бирок тоолуу аймактарда каттоодон өтпөгөн жарандар колдонуудагы мыйзамдын ченемдерине ылайык салык төлөөгө тартылат. Жер салыгынын өлчөмү республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшүүчү, ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн төлөөлөр (электр керектөө үчүн тариф, ирригация тармактарын пайдалануу менен сугат үчүн пайдаланылган суу үчүн төлөөлөр) тоолуу аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган жеке жана юридикалык жактар үчүн мыйзамга ылайык 50 пайызга кыскартылат жана алардын тизмеси "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.

III Глава Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарынын менчиги

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-22)
