# 18-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалангандык үчүн төлөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1108)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 1-ноябрындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 мая 2016 года № 57 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О горных территориях Кыргызской Республики", "О воде")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111336)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.05.2016 [Закон КР от 7 мая 2016 года № 57 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О горных территориях Кыргызской Республики", "О воде")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111336); 10.08.2003 [Закон КР от 10 августа 2003 года № 194 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О горных территориях Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/1320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108#diff=1192849..1192850>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1056/edition/1192847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1108/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө, 18-статья (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-18

---

Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануу акыга жана акыдан бошотулушу мүмкүн. Акыга пайдаланууга төмөнкүлөр кирет:

- жер ресурстарын пайдалануу;

- кендерди, кен эмес жана башка пайдалуу казып алуулар;

- ичүүчү жана минералдык сууларды коммерциялык максаттарга тартуу;

- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу;

- өнөр жай максаттары үчүн суу башаттарын пайдалануу;

- өнөр жай жана башка коммерциялык мүнөздөгү объекттерди куруу;

- санаторийлерди жана курортторду куруу.

Акысыз пайдаланууга төмөнкүлөр кирет:

- коммерциялык эмес максаттар үчүн (илимий, изилдөө ж.б.) мөмөлөрдү, жемиштерди, козу карындарды жана дары-дармек өсүмдүктөрүн жыйнап алуу;

- ичүүчү суу, сугат катары (суу менен жабдуу, ирригация тармактары болбогон учурда) суу ресурстарын пайдалануу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тоолуу аймактардын калкы үчүн дарактарды турмуш-тиричилик максаттары үчүн санитардык кесүүнү пайдаланууда жеңилдиктер каралышы мүмкүн. Жаратылыш ресурстарын пайдалануунун тартибин жана аны пайдалангандык үчүн акынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. (КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194, 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-19)
