18-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалангандык үчүн төлөөлөр
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 мая 2016 года № 57
Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануу акыга жана акыдан бошотулушу мүмкүн. Акыга пайдаланууга төмөнкүлөр кирет:
- жер ресурстарын пайдалануу;
- кендерди, кен эмес жана башка пайдалуу казып алуулар;
- ичүүчү жана минералдык сууларды коммерциялык максаттарга тартуу;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу;
- өнөр жай максаттары үчүн суу башаттарын пайдалануу;
- өнөр жай жана башка коммерциялык мүнөздөгү объекттерди куруу;
- санаторийлерди жана курортторду куруу.
Акысыз пайдаланууга төмөнкүлөр кирет:
- коммерциялык эмес максаттар үчүн (илимий, изилдөө ж.б.) мөмөлөрдү, жемиштерди, козу карындарды жана дары-дармек өсүмдүктөрүн жыйнап алуу;
- ичүүчү суу, сугат катары (суу менен жабдуу, ирригация тармактары болбогон учурда) суу ресурстарын пайдалануу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тоолуу аймактардын калкы үчүн дарактарды турмуш-тиричилик максаттары үчүн санитардык кесүүнү пайдаланууда жеңилдиктер каралышы мүмкүн. Жаратылыш ресурстарын пайдалануунун тартибин жана аны пайдалангандык үчүн акынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. (КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194, 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 мая 2016 года № 57 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Водный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О горных территориях Кыргызской Республики", "О воде")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 августа 2003 года № 194 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О горных территориях Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1108/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>