# 15-статья. Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1108)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 1-ноябрындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1056/edition/1192847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1108/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө, 15-статья (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-15

---

Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын экономикалык пайдалануу (пайдалуу кендерди казып алуу, өнөр жай жана башка объекттерди куруу, коммерциялык максаттарда ичүүчү жана минерал сууларын пайдалануу, карагай жыгуу, аңчылык, жайыттарды, чөп чабыктарды пайдалануу, жемиштерди, жашылчаларды, дары-дармек продукцияларын, өсүмдүктөрдү жыйноо ж.б.), жаратылыш ресурстарын пайдалануунун тиешелүү түрлөрүн аныктаган туризм, альпинизм жана экскурсиялар мыйзамдар менен белгиленген иш-аракеттерге ылайык жүзөгө ашырылат. Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалануу убакыттын мезгил ичинде, ошол жаратылышты пайдалануучуга белгиленген тартипте берилген лицензия менен аныкталган тартипте жана көлөмдө жүзөгө ашырылат. Жаратылыш ресурстарын аларды коргоо максатында пайдалануу (токойлорду санитардык кыюу, жайыттарды жана чабынды жерлерди жакшыртуу, эрозияга, көчкүгө каршы чаралар ж.б.) колдонуудагы мыйзамга ылайык аткарылат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-16)
