# Ивановка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-январындагы № 120/XXXIII "Ивановка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга киреше бөлүгүнүн бюджетин бекитүү жана 2022-2023 жылдарга кирешелерин божомолун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ивановка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-январындагы № 120/XXXIII "Ивановка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга киреше бөлүгүнүн бюджетин бекитүү жана 2022-2023 жылдарга кирешелерин божомолун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 120/XXXIII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110788>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6674/edition/1098262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110788.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ивановка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-январындагы № 120/XXXIII "Ивановка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга киреше бөлүгүнүн бюджетин бекитүү жана 2022-2023 жылдарга кирешелерин божомолун бекитүү жөнүндө" токтому (14.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110788

---

ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 14-январы № 120/XXXIII Ивановка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга киреше бөлүгүнүн бюджетин бекитүү жана 2022-2023 жылдарга кирешелерин божомолун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык, 2020-жылдагы Ивановка айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө каржы-экономикалык бөлүмүнун башчысы Черненко С.Н.ны угуп жана талкуулагандан кийин. Ошондой эле кирешелер боюнча башкы адис Б.Т. Арзыгуловду угуудан жана талкуулоодон кийин, Ивановка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга киреше бөлүгүндө берилген бюджеттик планы жана 2022-2023-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолу Ысык-Ата аймактык каржы бөлүмү Ивановка айылдык кеңеши, Токтом кылат:

1. 2020-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту 24795,3 (жыйырма төрт миллион жети жүз токсон беш миң үч жүз) сом өлчөмүндө кабыл алуу.

2. Ивановка айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2021-жылга бюджети 35911,7 (Отуз беш миллион тогуз жүз он бир миң жети жүз) сом көлөмүндө бекитилсин.

3. Ивановка айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2022-жылга 36634,6 (отуз алты миллион алты жүз отуз төрт миң алты жүз) сом суммасында болжолу бекитилсин. Ал эми 2023-жылга 37204,6 (Отуз жети миллион эки жүз төрт миң алты жүз) сом суммасында.

4. Айылдык кеңештин ушул токтомун Ысык-Ата райондук каржы бөлүмүнө жөнөтүңүз.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы

И.Х. Юсупов
