# Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы № 03-8а "Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ" чечими

- Толук аталышы: Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы № 03-8а "Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ" чечими
- Актынын түрү: Решение
- Номери: 03-8а
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110787>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/60-159/edition/1098260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110787.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы № 03-8а "Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ" чечими (29.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110787

---

ЧОН–КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ЧЕЧИМ 2018-жылдын 29-марты № 03-8а Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ Чоң-Кемин айылдык Кеңешинин, Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳгү 2018-жылдын 28-мартындагы XXVII/11-4 сандуу токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 18-беренесин жетекчилике алып, Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтү ЧЕЧТИ:

1. Чон-Кемин айыл аймагындагы Тѳрт-Күл айылы Капчыгай коктусу менен «Чон-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагында жайгашкандыктан, жергиликтүү калк катмарына социалдык жана башка түрдѳгү ар тараптуу кызматтар толук кандуу кѳрсѳтүлбѳй калгандыктан, Тѳрт-Күл айылы Капчыгай коктусу «Чон-Кемин» суусунун айланасындагы Шабдан айылына чейинки жерлери (сай) менен Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин ѳткѳрүү жана жана которуу (трансформациялоо) маселесин карап чыгуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын

Чон-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы

Н.Ж. Сулайманов
