# Балыкчы шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-июнундагы № 3 "Балыкчы шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Балыкчы шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-июнундагы № 3 "Балыкчы шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110783>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6670/edition/1097706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110783.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балыкчы шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-июнундагы № 3 "Балыкчы шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндө"токтому (22.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110783

---

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН III СЕССИЯСЫ

2021-жылдын 22-июну № 3 Балыкчы шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32 беренесинин 4 бөлүгүнө, шаардык Кеңештин регламентинин 5,2 бөлүмүнө ылайык жана туруктуу комиссиялардын сунуштарын угуп талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы –Кулова Майрамкуль Эсенбаевна;

2. Социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы-Тыналиев Айжигит Казакбаевич;

3. Курулуш, архитектура, муниципалдык менчик жана коммуналдык чарба, өнөр жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы –Жумаева Нурзада Самудиновна ;

4 .Мандат жана депутаттык этика маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы- Жунушалиев Бакыт Жеңишбекович;

5. Жаштар саясаты, туризм, спорт жана экология маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы - Жакыпбеков Адилет Туратбекович бекитилсин.

6. Токтом “Балыкчы” газетасына жана интернет сайтына жарыялансын.

7.Кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгына мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.

8.Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.

9. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

Ж. М. .Абдразаков
