Садыр аке айылдык кеңешинин «Григорьевка айылынын Фрунзе көчөсүнө Медеров Нурмат Кыдырмышевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышындагы 32-сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 118 Григорьевка айылынын Фрунзе көчөсүнө Медеров Нурмат Кыдырмышевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» № 690 токтомунун, «2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде калктуу пунктардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыруу токтотулгандыгын эске алуу боюнча» 5-пунктунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, карап жана талкуулап айылдык кеӊеш токтом кылат:
1. 2020-жылдын 31-декабрында калктуу пунктардын жана көчөлөрдүн аталыштарын токтотуу боюнча мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Григорьевка айылындагы Фрунзе көчөсүнө милициянын прапорщиги Медеров Нурмат Кыдырмышовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Облустук юстиция башкармалыгынан укуктук ченемдик актылардын реестирине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К.Рашевге тапшырылсын.
Төрага
А.Бозунбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2017 · № 690 · Күчүн жоготкон