9-статья. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
9-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 9-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору кылмыштарды жасоо жагынан шектүүлүгү боюнча кармалган адамдарды камакта кармоо үчүн арналган. Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору милициянын ички бөлүмдөрү болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кабыл алынат. Убактылуу кармоочу изоляторлорду кошумча каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу ушул Мыйзамдын 8-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору улуттук коопсуздук органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат. . (Бөлүк КР 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Эскертүү: кылмыш жасоо жагынан айыпталгандар мунун өзү тергөө аракеттерин аткаруу, иштерди тергөө изоляторлору (ТИ) турган калк жашаган конуштардан башка жерлердеги сотто кароо үчүн зарыл болгондо, аларды ал жерден күн сайын алып келүү мүмкүн болбогондо, аталган аракеттерди жана сот процессин аткаруу мезгилине, бирок бир айдын ичинде он суткадан ашпаган мөөнөткө убактылуу кармоочу изоляторлорго (УКИ) которулушу мүмкүн. Соттун токтому (аныктамасы), прокурордун, көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу бар тергөөчүнүн токтому мындай которууга негиз болуп саналат. Айыпкерлерди изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүү жүйөлөрү боюнча тергөө изоляторлорунан убактылуу кармоочу изоляторлорго которууга жол берилбейт. (КР 2004-жылдын 19-августундагы № 158, 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-9" title="9-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>