# 8-статья. Тергөө изоляторлору

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 18.03.2014 [Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205273); 14.07.2011 [Закон КР от 14 июля 2011 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203340)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219039..1219040>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 8-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-8

---

Жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору бөгөт коюу чарасы катарында камакта кармоо колдонулган кылмыш жасоо жагынан айыпкерлерди камакта кармоо үчүн арналган. Тергөө изоляторлору юридикалык жактын укуктарына ээ боло алат. Жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт жана жоюлат, алар жазык-аткаруу тутумунун аймактык органдарынын тутумуна кирүүчү мекемелер болуп эсептелет. Тергөө изоляторлорун каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, мунапыс берүү учурунда, айыпкерлердин саны азайганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө же башка учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. (Төртүнчү бөлүк КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Тергөө изоляторлорун башка булактардан кошумча каржылоо аларды республикалык бюджеттен кем каржылоого, каржылоону кечиктирүүгө же кийинки мезгилге жылдырууга себеп болуп эсептелбейт. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат. (КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2014-жылдын 18-мартындагы № 51, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-9)
