# 7-статья. Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди камакта кармоочу жайлар

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 августа 2004 года № 158 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/1558)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219028..1219029>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 7-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-7

---

Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди камакта кармоочу жерлер болуп:

- жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлору;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору;

- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталары (гарнизондук гауптвахталар) саналат;

- (абзац КР 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Эскертүү: Кылмыштарды жасоо жагынан шектүүлүгү жана айыпталгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын прокуратура, бажы органдары, финансы полициясы тарабынан жазык жоопкерчилигине тартылуучу адамдар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунда (УКИ) жана жазык-аткаруу тутумундагы тергөө изоляторлорунда (ТИ) камакта кармалат. Аларда ошондой эле кылмыштарды жасоо жагынан шектүү жана айыпкер болгон жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан жазык жоопкерчилигине тартылган адамдар, аларда убактылуу кармоочу изоляторлор жана тергөө изоляторлору жок болгон учурда камакта кармалышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 19-августундагы № 158, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-8)
