# 6-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпкерлердин укуктук статусу

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июля 2011 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203340)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219031..1219032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 6-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-6

---

Шектүүлөр, айыпкерлер жана соттолгондор (өкүмдөрү күчүнө кире элек) алардын күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленмейинче (мындан ары - шектүүлөр жана айыпкерлер) күнөөсүз деп эсептелишет. Алар Кыргыз Республикасынын жарандарына белгиленген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат жана милдеттерди аркалайт, мына ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр колдонулат. Кыргыз Республикасынын аймагында камакта кармалып жаткан шек туудурган жана айыпталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жол берилүүчү чектөөлөрдөн башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктар менен эркиндиктерден пайдаланышат. Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди жыныстык, расалык, улуттук, тилдик, тектик белгилери, мүлктүк жана кызмат абалы, жашаган жери, динге карата мамилеси, ынанымдары, коомдук бирикмелерге таандуулугу боюнча жана башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол берилбейт. (КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-7)
