48-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып булар Кыргыз Республикасынын аймагында күчүн жоготту деп табылсын:
- "Алдын ала камакка алуу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" СССРдин 1969-жылдын 11-июлундагы Закону (СССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1969-ж., № 29, 248-ст.);
- "Кылмыш жасоо жагынан шек туудурган адамдарды кыска мөөнөткө кармап туруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1976-жылдын 13-июлундагы Указы (СССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1976-ж., № 29, 426-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-48" title="48-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>