# 46-статья. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камактан бошотуунун тартиби

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 46-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-46

---

Шектүүлөр жана айыпталуучулар соттун токтомун (аныктамасын), болбосо прокурордун же тергөөчүнүн токтомун алары менен камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тарабынан бошотулат. Камакта кармоочу жайдын башчысы (орун басары) камакта кармалып жаткан шектүүнүн же айыпталуучунун мөөнөтүнүн бүтөрүнө чейин жыйырма төрт сааттан кечиктирбей бул тууралу камакта кармоочу жайга көзөмөл жүргүзүп туруучу прокурорго билдирүүгө милдеттүү. Камактан бошотулган шектүүгө же айыпталуучуга жеке өзүнүн документтери, буюмдары, анын өздүк эсебинде сакталып турган акчалары жана башка баалуу буюмдары жана анын камакта жаткан мөөнөтү көрсөтүлгөн маалымдама жана анын бошотулушунун негиздемеси берилет. Ал, эгерде буга муктаж болсо, жашаган жерине чейин темир жол, автомобиль, деңиз жана аба транспорту менен бекер жетип алуу, тамак-аш жана ошондой эле жыл мезгилине жараша кийилчү кийим-кече менен камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-47)
