# 44-статья. Камакта кармоочу жайлардагы өзгөчө шарттардын режими

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112216)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.04.2021 [Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112216); 25.11.2013 [Закон КР от 25 ноября 2013 года № 206 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205073); 14.07.2011 [Закон КР от 14 июля 2011 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203340)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219038..1219039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 44-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-44

---

Табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотийлер болгондо, чоң аймактарды өрт каптаганда, жашоо тиричилигин камсыз кылуу тармагында чоң кырсыктар, массалык баш аламандыктар болгон учурда же камакта кармоочу жайларда куралдуу кол салуу коркунучу чындап түзүлгөндө шектүү жана айыпкерлердин массалык баш ийбөөсү болгондо ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун, улуттук коопсуздук, коргонуу органдарынын жетекчилеринин буйругу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашуу аркылуу алардын компетенциясынын чегинде камакта кармоочу жайларда жыйырма суткадан ашпаган мөөнөткө өзгөчө шарттар режими киргизилет. Өзгөчө шарттардын режими киргизилгенде шектүүлөрдүн жана айыпкерлердин катышуусу менен өткөрүлүүчү бардык иш-чараларга чектөө коюлушу жана токтотулушу ыктымал; аларды кайтаруу, өткөрмө режим жана камакта жаткан шектүүлөр менен айыпкерлерге көзөмөл күчөйт, жөнөтмөлөр же кийирүүлөр токтотулат жана ошондой эле мекеменин кадимкидей иштешин турукташтыруунун башка да чаралары көрүлөт. Шектүүлөрдүн, айыпкерлердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туулган кезде камакта кармоочу жайдын башчысы, ал жок кезде - анын орун басары ведомстволук баш ийүүсү боюнча органдын жетекчисин ошол замат кабардар кылуу менен, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган чараларды өз алдынча колдоно алат. Камакта кармоочу жайлардагы өзгөчө шарттардын режими аны киргизген орган же кызмат адамы, болбосо жогорку орган, же кызмат адамы тарабынан токтотулат. (КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) IV Глава Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-45)
