# 39-статья. Тамак ичүүдөн баш тарткан учурда колдонулуучу чаралар

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 39-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-39

---

Шектүү же айыпталуучу тамак ичүүдөн баш тарткан учурда камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тамактануудан баш тартуунун себептерин билүүгө, бул тууралу кылмыш ишин карап жаткан адамга же органга жана ошондой эле камакта кармоочу жайларда мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырып турган прокурорго билдирүүгө милдеттүү. Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартышынын себептери жүйөлүү болсо, камакта кармоочу жайдын администрациясы айтылган талаптарды канааттандыруунун чараларын көрөт. Шектүүнүн же айыпталуучунун айткан талаптарын ошол замат аткаруунун мүмкүнчүлүгү болбосо тийиштүү түшүнүк берилет жана аларды канааттандыруунун чаралары көрүлөт. Тамактануудан баш тарткан шектүү же айыпталуучу башка шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан мүмкүн болушунча бөлөк кармалат жана медициналык кызматкердин байкоосунда болот. Тамактануудан баш тарткан шектүүнүн же айыпталуучунун ден соолугун сактоо менен, анын ичинде эгерде анын өмүрүнө коркунуч туулса, мажбурлоо жолу менен ден соолугун сактоого багытталган чаралар врачтын жазуу жүзүндө берилген аныктамасынын негизинде жана анын катышуусу менен ишке ашырылат. Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартышы башка жакта камакта кармалып турганга этап менен же конвой менен алынып кетишине жолтоо болбойт, керек болгон учурларда медициналык кызматкерлер коштойт.

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-40)
