# 38-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын материалдык жоопкерчилиги

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 38-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-38

---

Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта болгон мезгилинде мамлекетке материалдык залал келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:

- иштин жүрүшүндө келтирилгенде - Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамында каралган өлчөмдөрдө;

- башка аракеттер менен келтирилгенде - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө материалдык жоопкерчилик тартышат.

Шектүүлөрдүн же айыпталуучулардын мамлекетке келтирген материалдык залалдарынын өлчөмү камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын текшерүүсүнүн материалдарына негизделген токтому менен аныкталат. Шектүүгө же айыпталуучуга чыгарылган токтом кол койдурулуп уктурулат жана жогору турган кызмат адамдарына, прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн. Материалдык залалды өз эркинче төлөп берүүдөн баш тарткан кезде ал сот тартибинде өндүрүлүп алынат. Материалдык залал үчүн туура эмес кармалган сумма кайтарып берилет жана шектүү менен айыпталуучунун жекече эсебине жазылат. Шектүүнүн же айыпталуучунун өтүнүчү боюнча ал тарабынан келтирилген материалдык залал анын ата-энелеринен же башка адамдар тарабынан алардын макулдугу боюнча төлөнүп берилиши мүмкүн. Соттолгон адам жазаны аткаруучу мекемеге жөнөтүлгөн учурда, өндүрүлбөй калган материалдык залал көрсөтүлгөн мекеменин администрациясы тарабынан, соттолгон адамдын өздүк эсебине түшкөн каражаттан өндүрүлөт. Шектүү, айыпталуучу камактан бошотулган учурда материалдык залал соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде соттун чечими менен өндүрүлөт. Камакта кармоочу жайдын администрациясынын жана кызматкерлеринин айынан шектүү же айыпталуучу тарткан материалдык залал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүп берилет.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-39)
