# 37-статья. Бир адамдык камерада же жазык изоляторунда кармоо

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 37-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-37

---

Айыпталуучу бир адамдык камерага же жазык изоляторуна:

- башка айыпталуучуларга акараат келтирип, кысым көрсөткөн аракеттери үчүн;

- камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин, болбосо башка адамдардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги же аларга акараат келтиргени үчүн;

- камоонун эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы үчүн;

- алкоголь ичимдиктерин даярдаганы, сактаганы жана ичкендиги үчүн;

- белгиленген эрежелерге ылайык тыюу салынган заттарды, буюмдарды даярдаганы, сактаганы жана колдонгону үчүн;

- кумар оюндарына катышкандыгы үчүн;

- майда хулигандыгы үчүн камалышы мүмкүн.

Жаза изоляторуна же бир адамдык камерага камоо түрүндөгү жаза ошондой эле ушул Мыйзамдын 36-статьясында каралган эки жана андан көп тартиптик жаза колдонулган айыпталуучуларга карата да колдонулат. Жаза изоляторуна камоо камакта кармоочу жайдын башчысынын же ал ооруган, өргүүдө, узак командировкада болгон кезде анын милдетин аткарган адамдын жүйөлүү токтомунун жана айыпталуучуну жаза изоляторунда кармоого болбой тургандыгы жөнүндө медициналык кызматкердин медициналык корутундусу болбогон кезде ишке ашырылат. Айыпталуучуларды бир адамдык жазык изоляторунда кармоо. Жаза изоляторуна камалган шектүүлөр жана айыпталуучулар жата турган жекече орун жана белгиленген саатта уктаганга керектелчү жууркан-төшөк менен камсыз болушат. Айыпталуучуларды жаза изоляторуна камаган мезгилде кат алышууга, актоочудан тышкарылар менен жолугушууга, ошондой эле биринчи кезекте керек болуучу нерселерди кошпогондо, тамак-аш алууга, жөнөтмөлөрдү жана кийирүүлөрдү алууга, үстөл үстүндө ойнолуучу оюндардан, китептерден, гезиттерден, журналдардан жана башка адабияттардан пайдаланууга, көрмөжана телеберүүлөрдү көрүүгө, телефон байланышынан пайдаланууга тыюу салынат. Жөнөтмөлөр менен кийирүүлөр айыпталуучуларга алардын жаза изоляторунда же бир адамдык камерада болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин тапшырылат. Тез бузулуучу тамак-аш азыктары аларды кармаганга тийиштүү шарт болбогон учурда ээсине кайтарылып берилет. Жаза изоляторунда же бир адамдык камерада кармалган айыпталуучулар күн сайын отуз минуталык сейилдөөдөн пайдаланышат. Ушул статьяда көрсөтүлбөгөн бир адамдык камерада же жаза изоляторуна кармалган айыпталуучуларга карата колдонулуучу чектөөлөргө жол берилбейт. Алар тарабынан жиберилген сунуштар, арыздар жана даттануулар ушул Мыйзамдын 20-статьясында каралгандай тартипте ишке ашырылат. Камакта кармоочу жайдын башчысы, ал ооруп калганда, өргүүдө же узак мөөнөттүү командировкада болгон кезинде анын орун басары медициналык далилдерди эске алуу менен бир адамдык камерада же жаза изоляторунда кармоо түрүндөгү жазанын аткарылышын он күнгө кечиктирүүгө, камоонун мөөнөтүн кыскартууга же айыпталуучуну мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу. Эгерде айыпталуучу мөөнөттү узартуу мезгилинде жаңы тартип бузбаса, ал камакта кармоочу жайдын башчысынын жана анын орун басарынын жүйөлүү токтому менен жазадан бошотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-38)
