# 36-статья. Жазалоо чаралары жана аларды колдонуунун тартиби

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205273)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219036..1219037>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 36-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-36

---

Айыпкерлерге карата белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн:

- сөгүш;

- он беш күнгө чейинки мөөнөткө жаза изоляторуна же бир адамдык камерага кийирүү, ал эми жашы жете элек айыпкерлерге беш күнгө чейинки мөөнөткө жаза чаралары колдонулушу мүмкүн.

Камакта кармап туруунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн берилүүчү жазанын бардык түрү камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басарынын токтому менен ушул Мыйзамдын 37-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралгандан башка учурларда берилет. Айыпкер бир жолу тартип бузганы үчүн бир гана жолу жазаланышы мүмкүн. Айыпкердин тартип бузушунун жана жүрүш-турушунун жагдайын эске алуу менен жаза колдонулат. Жаза тартип бузуу байкалган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн, ал эми эгерде тартип бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлө турган болсо - ал бүткөн күндөн тартып, бирок тартип бузулган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбөөгө тийиш. Жазалоо жаза берилген күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө колдонулат. Жазалаганга чейин же айыпкерден жазуу жүзүндө түшүнүк алынат, эгерде түшүнүк берүүдөн баш тартса бул тууралу баш тартуунун далилдерин көрсөтүү менен акт түзүлөт. Айыпкерлер жазалоого карата жогору турган кызмат адамына, прокурорго же сотко даттануу менен кайрылууга укуктуу. Даттануу берүү жазанын аткарылышын токтото албайт. (КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-37)
