# 34-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын негизги милдеттери

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 34-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-34

---

Шектүүлөр жана айыпталуучулар:

- ушул Мыйзам тарабынан белгиленген, Ички тартиптин эрежелеринен келип чыккан камакта болуунун тартибин жана андан келип чыккан камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

- гигиенанын жана тазалыктын талаптарын сактоого;

- өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого;

- камакта кармоочу жайдын мүлкүнө жана башка шектүүлөр менен айыпталуучулардын мүлкүнө сарамжал мамиле кылууга;

- кезегине жараша камераларды жана башка бөлмөлөрдү тазалоого;

- өз өмүрүнө жана ден соолугуна жана ошондой эле башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруучу аракеттерди билип туруп жасабоого милдеттүү.

Камакта кармоочу жайларда кызматкерлердин, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын, башка адамдардын кадыр-баркына шек келтирүүгө жана ошондой эле камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин, башка адамдардын өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткарууга жолтоо болууга жол берилбейт. Ушул Мыйзамдын 24-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык шектүүлөргө жана айыпталуучуларга жанындагы заттарды, буюмдарды жана тамак-аш азыктарын алып жүрүүгө жана сактоого, колдонууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-35)
