32-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын жеке коопсуздугу, аларды кайтаруу жана контролдоо
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Шектүүнүн же айыпталуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулганда, болбосо башка шектүүлөр же айыпталуучулар тарабынан бул инсанга каршы кылмыш жасоо коркунучу туулганда камакта кармоочу жайдын кызматкерлери шектүүнүн, айыпталуучунун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ошол замат чараларды көрүүгө милдеттүү. Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармоочу жайларда кайтарууда жана көзөмөлдө болушат жана бул жерлердин аймагында кармоочу жайдын конвою менен, болбосо кайтаруусу менен басып жүрүшөт. Контролдоону ишке ашыруу максатында аудио-көрмө техника же бул максатка дал келе турган башка техника колдонулушу ыктымал. Шектүүлөр жана айыпталуучулар дактилоскөчүрмөгө, сүрөткө түшүүгө жана жеке тинтүүгө кириптер болушат. Алар жаткан жайлар тинтүүгө алынат, ал эми алардын буюмдары, кийирүүлөрү жана жөнөтмөлөрү кароодон өткөрүлөт. Керек болгон учурда жеке тинтүү, бөлмөлөрдү тинтүү, буюмдарды кароо үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын кийимдерин кароодо, бөлмөлөрдү тинтүүдө табылган акчалар анын ээсинин жекече эсебине жазылат, ал эми баалуу кагаздар менен баалуу буюмдар сакталуучу жайга өткөрүп берилет. Шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан алынган тыюу салынган заттар, буюмдар, тамак-аш азыктары тийиштүү түрдө катталат жана тийиштүү органдарга өткөрүп берилет, болбосо сактаганга өткөрүп берилет, же камакта кармоочу жайдын башчысынын далилдүү токтому боюнча жок кылынат, ал боюнча акт түзүлөт. Тазалык иштерин контролдоодо жана шектүүлөр менен айыпталуучуларды жеке тинтүү камакта кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр жана айыпталуучулар менен бирдей жыныстагы адамдардын катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Камакта кармоочу жайдын кызматкерлери шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын буюмдарын жана кийимдерин кирип келатканда (машина менен киргенде жана чыкканда) камакта кармоочу жайдын аймагына киргенде кароодон, транспорт каражаттарын киргенде жана чыкканда кароодон өткөрүүгө милдеттүү. Камакта кармоочу жайларды контролдоого жана көзөмөлгө алып туруу укугуна ээ болгон адамдар же шектүүлөр менен айыпталуучулардын кылмыш иштерин карап жаткан органдын кызматкерлеринин, ошондой эле алардын укуктарын коргоону ишке ашырып жаткан актоочулардын буюмдары жана кийими кароодон өткөрүлбөйт. Качууларга жол бербөө максатында камакта кармоочу жайдын кызматкерлери бөлмөлөрдү (дубалдар, шыптар, полдор) жана ошондой эле аймакты, анын ичинде камакта кармоочу жайдын жанындагы жерлерди да механикалык жана техникалык каражаттарды колдонуу менен карап чыгууга укуктуу.
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-32" title="32-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>