# 31-статья. Камераларга бөлүп-бөлүп жайгаштыруу

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112216)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.04.2021 [Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112216); 18.03.2014 [Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205273); 14.07.2011 [Закон КР от 14 июля 2011 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203340); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 19.08.2004 [Закон КР от 19 августа 2004 года № 158 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/1558)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219038..1219039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 31-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-31

---

Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди камераларга жайгаштыруу алардын инсандыгын жана психологиялык жактан дал келүүсүн эске алуу менен жүргүзүлөт. Тамеки чеккендерди мүмкүн болушунча чекпегендерден бөлөк жайгаштырат. Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди жана ошондой эле соттолгондорду камераларга жайгаштырганда булар өз-өзүнчө жайгаштырылат:

- бир эле кылмыш иши боюнча шек туудургандар жана айыпкерлер;

- биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан адамдар жана мурда эркиндигинен ажыратылган жерде камалып келген адамдар;

- шектүүлөр жана айыпкерлер, ошондой эле өкүмдөрү мыйзам күчүнө кирген соттолгондор.

Көзөмөлдү ишке ашыруучу прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөчө учурларда жашы жете электер жаткан камераларга кылмыш иши үчүн, мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирүүчү кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган оң мүнөздөмө берилген улууларды жаткырууга жол берилет. Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди, ошондой эле соттолгондорду башка шектүүлөр менен айыпкерлерден бөлүп, өзүнчө камерада:

- конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш иштерин жасаган жана тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган шектүүлөр жана айыпкерлер;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган төмөндөгү кылмыштарды жасоодо шектүүлөр жана айыпкерлер: адам өлтүрүү; байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген, ден соолукка билип туруп оор жаракат келтирүү; ВИЧ-инфекциясын жуктуруу; зордуктоо; сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу аракети; каракчылык; терроризм; барымтага алуу; мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү уюштуруу же ага катышуу; бандитизм;

- коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмыш ишиндеги шектүүлөр жана айыпкерлер;

- өмүр бою эркиндигинен ажыратууга тартылгандар;

- мурда сот, прокурор, тергөөчү, адвокат, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ички аскерлеринин аскер кызматкерлери, ички иштер органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу органдарынын, бажы органдарынын, салык органдарынын, финансы полициясынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болушкан шектүүлөр жана айыпкерлер;

- башка шектүүлөрдөн жана айыпкерлердин өзүнчө бөлөк кармоого шарт болгон кезде чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар;

- камакта кармоочу жайдын администрациясынын чечими же кылмыш ишин карап жаткан органдын, болбосо адамдын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү боюнча башка шектүүлөрдүн жана айыпкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган шектүүлөр жана айыпталгандар;

- инфекциялык оору менен ооругандар же өзгөчө медициналык кароого жана байкоого муктаж болгондор кармалышат.

(КР 2004-жылдын 19-августундагы № 158, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2014-жылдын 18-мартындагы № 51, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-32)
