# 29-статья. Жашы жете электерди камакта кармоо

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219039..1219040>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 29-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-29

---

Камакта кармалып турган ар түрдүү жыныстагы жашы жете элек шектүүлөр менен айыпкерлер бири-биринен жана улуулардан бөлөк кармалат. Аларга материалдык-тиричилик жагындагы жакшы шарттар түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тамактануунун жогорку ченеми белгиленет. Жашы жете элек шектүүлөр менен айыпкерлерге күн сайын эки сааттан кем эмес сейилдөө белгиленет. Сейилдөө учурунда шектүүлөргө дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганга, ал эми айыпталгандарга дене тарбия көнүгүүлөрүн жана мүмкүн болушунча спорттук оюндарды ойногонго мүмкүнчүлүк берилет. Тийиштүү шарттар болгондо жашы жете элек шектүүлөргө телеберүүлөрдү көрсөтүү уюштурулат, спорттук оюндар жана башка эс алуулар үчүн жайлар жана ошондой эле ачык абада спорттук аянтчалар жабдылат, орто билим алууну улантуу жана аны алуу үчүн шарттар түзүлөт. Алар менен маданий-тарбиялык иштер жүргүзүлөт. Жашы жете элек шектүүлөргө окуу китептерин жана мектепте жазганга керектелүүчү нерселерди алууга же өздөрүнүн каражаттары үчүн сатып алууга жана ошондой эле кийирүүлөрдө жана жөнөтмөлөрдө аларды чектөөсүз алууга уруксат берилет. (КР 2023-жылдын 31-январындагы №20 Мыйзамынын редакциясына ылайык) III Глава Камакта кармоочу жайларда бөлүүнү жана тартип сактоону камсыз кылуу

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-30)
