# 28-статья. Аялдарды камакта кармоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 18.03.2014 [Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205273)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219039..1219040>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 28-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-28

---

Шектүү жана айыпкер аялдар камакта кармоо жайларында шектүү жана айыпкер эркектерден бөлөк кармалат. Шектүү жана айыпкер аялдар үч жашка чейинки балдары менен бирге болууга укуктуу. Боюнда бар аялдар жана балдары менен болгон аялдар үчүн жакшыртылган материалдык-тиричилик шарттары түзүлөт, адистештирилген медициналык тейлөө уюштурулат жана тамак-аш жана буюмдар менен камсыз кылуунун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган жогорулатылган ченемдери белгиленет. Боюнда бар аялдардын жана жанында баласы бар аялдардын күн сайын сейилдешинин узактыгын чектөөгө жол берилбейт. Боюнда бар жана жанында баласы бар аялдарга жазык жазасын колдонуу иретинде изоляторго камаганга жол берилбейт. Эгерде аял камакта кармоо жерлеринде белгиленген тартипти үч жолудан көп бузса же бала жөнүндө дайыма камкордук көрбөсө, камакта кармоо жайынын администрациясы баланы туугандарына же башка адамдарга же болбосо балдар мекемелерине убактылуу берүү жөнүндө өтүнүч козгойт. Эгерде аялдын катышуусу менен ар кайсы шаарларда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте башка мамлекеттердин аймагында жылдын суук мезгилдеринде тергөө иштерин жүргүзүүгө туура келсе, тергөө органдарынын демилгеси боюнча да мындай өтүнүч айтылышы ыктымал. (КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-29)
