# 24-статья. Жөнөтмөлөрдү, кийирүүлөрдү жана акчалай которууларды алуу. Акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөр

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 18.03.2014 [Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205273)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219039..1219040>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 24-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-24

---

Шектүүлөргө жана айыпкерлерге салмактары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген почта эрежелеринде каралган ченемдерге ылайык келүүгө тийиш болгон, чектелбеген сандагы жөнөтмөлөрдү, ошондой эле айына жалпы салмагы 100 килограммга чейинки кийирүүлөрдү алууга уруксат берилет. Жашы жетпегендер, оорулуулар, боюнда бар аялдар үчүн, ошондой эле балдары өзү менен бирге жүргөн аялдар үчүн кийирүүлөрдүн салмагына чек коюуга жол берилбейт. Шектүүлөргө жана айыпкерлерге камакта кармоо жайларына келип түшкөн акчалай которуулар алардын өздүк эсебине чегерилет. Камакта кармоо жайларынын администрациясынын уруксаты менен шектүүлөр жана айыпкерлер өздөрүнүн каражаттарынан туугандарына жана башка адамдарга акча которуп жөнөтүүгө укуктуу. Шектүүлөрдүн жана айыпкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруучу же кылмыш куралы катары, болбосо камакта кармоонун максаттарына тоскоолдук келтирүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон нерселердин, заттардын тизмеси Ички тартип эрежелеринде аныкталат. Сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган нерселерди, заттарды кароодон жашырып калуу же шектүүлөргө жана айыпкерлерге берүү, ага тете болгон белгиленген эрежелерге каршы ар кандай нерселерди берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат. Жеп-ичкенге жараксыз болуп калган, же шектүүлөр менен айыпкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган тамак-аш азыктары камакта кармоочу жайдын медициналык кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү корутундусу боюнча алынып коюлат жана кийирүүлөрдү жеткирген адамдардын көз алдында жок кылынат, бул жөнүндө акты түзүлөт. Тийиштүү шарттар болгондо камакта кармоо жайынын администрациясы шектүүлөрдү жана айыпкерлерди акы төлөнүүчү кошумча тиричилик жана медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде дары-дармектерди сатып алууну камсыз кылат, алардын тизмеси Ички тартип эрежелеринде белгиленет. (КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-25)
