# 23-статья. Медициналык-санитардык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 18.03.2014 [Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205273); 14.07.2011 [Закон КР от 14 июля 2011 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203340)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219039..1219040>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 23-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-23

---

Камакта кармоо жайларындагы дарылоо-алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык иш Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун сактоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт, көрсөтүлгөн жайлардын администрациясы бул мыйзамды аткарууга милдеттүү. Шектүүлөргө жана айыпталгандарга медициналык, анын ичинде психиатриялык жардам көрсөтүүнүн, ошондой эле аларды медициналык мекемелерде кармоонун жана аларды тейлөөгө бул мекемелердин кызматкерлерин тартуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Шектүү же айыпкер дене-боюнан жаракат алганда ага камакта кармоо жайынын администрациялык кызматкери токтоосуз медициналык жардам көрсөтөт, ал эми медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары белгиленген тартипте катталып белгиленет жана жапа тарткан адамга билдирилет. Камакта кармоо жайынын башчысынын, болбосо жазык ишин жүргүзгөн адамдын же органдын чечими боюнча, же шектүүнүн жана айыпкердин, болбосо анын жактоочусунун өтүнүчү боюнча медициналык күбөлөндүрүү медициналык мекемелердин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Мындай күбөлөндүрүүнү жүргүзүүдөн баш тартууга карата көзөмөлдөөчү прокурорго даттанылышы мүмкүн. Шектүү же айыпкер катуу ооруп калган учурда, камакта кармоо жайынын администрациясы бул факты белгиленген учурдан тартып токтоосуз (бир сааттан кечиктирбестен) бул жөнүндө анын жакын туугандарына кабарлайт; өлгөн учурда туугандарынан тышкары көзөмөлдөөчү прокурорго кабарландырат, ал бул фактыга текшерүү жүргүзөт. Шектүү же айыпталган адам катуу ооруп калган учурда ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун адистештирилген медициналык мекемесине же саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын тутумундагы медициналык мекемеге жайгаштырылат. Өлгөн учурда өлгөн адамдын сөөгү патологоанатомиялык же сот-медициналык изилдөөдөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган аракеттер жасалгандан кийин аны сурагандарга берилет. Сөөгүн эч ким талап кылбаган өлүктү көмүү мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. (КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2014-жылдын 18-мартындагы № 51, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-24)
