# 22-статья. Материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205273)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219036..1219037>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 22-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-22

---

Шектүүлөргө жана айыпкерлерге Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген гигиеналык, санитариялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген тиричилик шарттар түзүлөт. Шектүүлөргө жана айыпкерлерге өзүнчө уктай турган орун берилет. Шектүүлөргө жана айыпкерлерге жууркан-төшөк, идиш-аяк жана тамак-аш ичип-жей турган буюмдар берилет. Бардык камералар радио уктуруу каражаттары менен, ал эми мүмкүнчүлүккө жараша - телевизорлор, муздаткычтар жана желдетүүчү жабдуулар менен камсыз кылынат. Камераларга камакта кармоо жайынын китепканасынан, болбосо көрсөтүлгөн жайлардын администрациясы аркылуу сатып алынган адабият, ошондой эле стол оюндары берилет. Камерадагы бир адамга туура келген санитардык аянттын ченеми 3,25 чарчы метр өлчөмүндө белгиленет. (КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-23)
