# 19-статья. Кат алышуу

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205273)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219036..1219037>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 19-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-19

---

Шектүүлөргө жана айыпкерлерге туугандары жана башка адамдар менен алынган жана жөнөтүлгөн телеграммаларына жана каттарына чек коюлбастан кат алышууга уруксат берилет. Кат алышуу камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу гана жүзөгө ашырылат жана цензурага алынат, аны администрация, ал эми зарыл болгон учурда жазык ишин жүргүзгөн адам же орган жүргүзөт. Шектүү же айыпталгандын атына келип түшкөн каттарды тапшыруу, ошондой эле алардын каттарын даректерине жөнөтүү камакта кармоо жайынын администрациясы тарабынан каттар келип түшкөн же шектүү, же айыпталган тапшырган күндөн тартып, дем алыш жана майрам күндөрүнөн башка учурда үч күндөн кечиктирилбей жүргүзүлөт. Цензураны жүзөгө ашыруу максатында катты расмий тилден мамлекеттик тилге же мамлекеттик тилден расмий тилге которуу зарыл болгондо, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон убакытка, бирок эки күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн. Катты чет тилден мамлекеттик же расмий тилге же болбосо мамлекеттик же расмий тилден чет тилге которуу зарыл болгон учурда, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон убакытка, бирок он күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн. Жакын туугандарынын өлүмү же катуу оорусу жөнүндө кабарлар шектүүгө же айыпталганга алар алынгандан кийин дароо (бир сааттан кечиктирбестен) кабарланат. Шектүүнүн же айыпталгандын атына, ал камакта кармоо жайынан чыгып кеткенден, же бошотулгандан кийин келип түшкөн каттар, алар алынгандан кийин үч күндөн кечиктирилбей камакта кармоо жайынын каражатынын эсебинен даректелгенге жөнөтүлөт. (КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-20)
