# 17-статья. Жактоочу, туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 17-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-17

---

Биринчи сурактан тартып же иш жүзүндө кармалгандан кийин кылмыштар жасоо жагынан шектүүлөргө жана айыпталгандарга жактоочу менен жекеме-жеке жолугушуулар берилет, алардын санына жана узактыгына чек коюлбайт. Камакта кармоо жайларынын кызматчылары жазык ишинде шектүүнүн, айыпкердин, соттолгондун тарабында адвокаттын катышуусун ырастаган документтин (ордер-тапшырманын), ошондой эле анын инсандыгын ырастаган документтин негизинде шектүүлөргө, айыпкерлерге, соттолуучуларга жактоочулары менен жекеме-жеке, алардын саны, убакыттын узактыгы чектелбеген, кызматчы аларды көрө алган, бирок уга албаган шартта жолугушууларга уруксат беришет. Жазык ишин жүргүзгөн адамдын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде шектүүлөргө жана айыпталгандарга туугандары жана башка адамдар менен айына ар биринин узактыгы үч саатка чейин созулган экиден ашпаган жолугушуу берилет. Туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу камакта кармоо жайынын кызматчыларынын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт жана айыпталгандарга тыюу салынган нерселерин, болбосо жазык иш боюнча акыйкатты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды берүүгө аракет жасаган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Эскертүү: (биринчи абзац КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (экинчи абзацы КР 2012-жылдын 6-августундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды) Кылмыштарды жасоо жагынан шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын алардын жактоочулары менен алар камакта кармалган жайлардагы жолугушуулары дем алыш күндөрү да берилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 19 октябрындагы № 180, 2012-жылдын 6-августундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-16)  
Кийинки берене: [17-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-17-1)
