# 16-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктары

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219040..14757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 16-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-16

---

Шектүүлөр жана айыпталгандар төмөндөгүлөргө укуктуу:

- ички тартип эрежелеринин тексти менен таанышууга, анын ичинде өзүнүн укуктары жана милдеттери, камакта кармоонун тартиби, тартиптик талаптар, сунуштарды, арыздарды, даттанууларды берүү тартиби жана башкалар жөнүндө таанышууга;

- камакта кармоочу жерлерде жекече коопсуздукка;

- камакта кармоочу жайдын башчысынын, анын орун басарынын же алар ыйгарым укук берген адамдардын жекече кабыл алуусуна;

- актоочу, туугандары жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жоболоруна ылайык ушул мыйзамдын 17-статьясында саналып өткөн башка адамдар менен жолугушууга;

- укукка жат максаттарда колдонулушу мүмкүн болгон же мамлекеттик, кызматтык же мыйзам тарабынан корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды камтыган документтер менен кат-кабарларды кошпогондо, жазык ишине таандык, болбосо өзүнүн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу маселелерине тийиштүү документтерди жана кат-кабарларды өзүндө сактоого;

- өздөрүн камакта кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жана өздөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын бузуу маселелери боюнча сунуштар, арыздар жана даттануулар менен инстанцияларга, анын ичинде сотко кайрылууга;

- кат алышууга жана жазганга керектелчү буюмдардан пайдаланууга;

- акысыз тамактанууга, материалдык-тиричилик жана медициналык-санитардык жактан камсыз болууга, анын ичинде өздөрү тергөө аракеттерине жана сот заседаниелерине катышкан мезгилде да;

- түнкүсүн сегиз саат уктоого укуктуу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган учурларды кошпогондо, аларды бул убакта процесстик жана башка аракеттерге тартууга тыюу салынат;

- күн сайын узактыгы бир сааттан кем болбогон сейилдөөдөн пайдаланууга;

- жеке өзүнө таандык болгон буюмдарды жана заттарды пайдаланууга, алардын тизмеси жана саны Ички тартип эрежелеринде аныкталат;

- камакта кармоо жайынын китепканасынын адабияттарынан жана мезгилдүү басма сөз басылмаларынан, болбосо камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу соода тармагынан сатып алынгандардан, ошондой эле столдун үстүндө ойнолуучу оюндардан пайдаланууга;

- шектүүлөр жана айыпталгандар камакта кармалчу жайларда диний ырым-жырымдарды жасоого, классикалык диний адабияттарды, диний сыйынуу нерселерин алып жүрүүгө укуктуу. Жогоруда аталган аракеттер бөлөк шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын укуктарын бузбоого тийиш.

Эскертүү: классикалык диний адабият катары улуттук, расалык же диний араздашууну туудурбаган диний адабияттар түшүнүлөт.

- шектүүлөрдү жана айыпталгандарды камакта кармоочу жердин администрациясы аркылуу куран окутуп, чокунууга дин кызматкерлерин чакыртууга;

- өз алдынча билим алууга жана ал үчүн атайын адабиятты, анын ичинде өзүнө таандык болгондорун пайдаланууга;

- жөнөтмөлөрдү, берилген кийирүүлөрдү алууга;

- дене тарбиялык машыгууга (дене тарбиялык гимнастика, спорт оюндары, атлеттик гимнастика ж.б.у.с);

- камакта кармоо жайынын кызматкерлеринин алар менен сылык-сыпаа мамиле жасоосуна;

- жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышууга.

Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган жана тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө кармалган айыпталгандар төмөндөгүлөргө (кошумча) да укуктуу болушат:

- газета-журналдарга жазылууга жана аларды алууга;

- акча которууларды жөнөтүүгө жана алууга;

- тергөө изоляторлорунун (түрмөнүн) дүкөнүнөн (киоскасынан), болбосо камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу соода тармагынан тамак-аш азыктарын жана эң зарыл буюмдарды сатып алууга;

- эгерде ушул Мыйзамга карама-каршы келбесе, никелешүүгө жана никесин бузууга, башка үй-бүлөлүк-укуктук мамилелерге катышууга.

Көрүү мүмкүнчүлүгү боюнча майыптыгы бар шектүүлөр жана айыпталуучулар ассистент тарабынан даярдалган Брайл шрифтинде же чоңойтулган шрифтте терилген адабияттарды, аудио китептерди, кылмыш иши боюнча материалдарды, ошондой эле аудио китептерди жана материалдарды угуу жана жаздыруу үчүн түзүлүштөрдү алууга жана пайдаланууга укуктуу. (КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-17)
