# 15-статья. Камакта кармоочу жайлардын ички тартиби

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 23.04.2021 [Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112216); 25.11.2013 [Закон КР от 25 ноября 2013 года № 206 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205073); 14.07.2011 [Закон КР от 14 июля 2011 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203340); 13.08.2004 [Закон КР от 13 августа 2004 года № 124 " О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/1523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219039..1219040>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 15-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-15

---

Камакта кармоочу жайларда режимди камсыз кылуу максатында ички иштер органдары, жазык-аткаруу тутумунун органдары, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ички тартиптин эрежелери (мындан ары - Ички тартиптин эрежелери) колдонулат Ички тартиптин эрежелери төмөндөгүдөй тартипти белгилейт:

- шектүүлөрдү жана айыпкерлерди кабыл алуу жана камераларга жайгаштыруу;

- жекече тинтүү, дактилос көчүрмөсүн алуу, фотосүрөткө тартуу, ошондой эле шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын буюмдарын карап чыгуу;

- шектүүлөрдөн жана айыпталгандардан сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган заттарды алып коюу;

- шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын тамак-аш азыктарын, эң зарыл буюмдарды, ошондой эле башка өнөр жай товарларын сатып алуусу;

- шектүүлөргө жана айыпталгандарга жөнөтмөлөрдү, кийирүүлөрдү кабыл алуу жана аларга берүү;

- шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын каттарды, телеграммаларды, акчалай жөнөтүүлөрдү алуусу жана жөнөтүүлөрү;

- шектүүлөрдү жана айыпталгандарды эмгекке тартуу;

- шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын күн сайын сейилдөөсүн өткөрүү;

- шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын ушул Мыйзамдын 17-статьясында саналып өткөн адамдар менен жолугушууларын өткөрүү;

- шектүүлөрдүн, айыпталгандардын, соттолуучулардын тергөө аракеттерине жана сот заседаниелерине катышуусун камсыз кылуу.

Шектүүлөр жана айыпкерлер камакта кармаган жердин ички тартибинин эрежелери менен милдеттүү түрдө таанышууга тийиш. Гауптвахтанын режими Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана күзөт кызматтарынын уставы менен аныкталат. (КР 2004-жылдын 13-августундагы № 124, 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) II Глава Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктары жана аларды камсыз кылуу

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-16)
