# 14-статья. Камакта кармоочу жайлардын режими

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 14-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-14

---

Камакта кармоочу жайларда шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктарын сактоону, алардын өз милдеттерин аткарышын, аларды бөлөк кармоону камсыз кылуучу укук тартибин кармап турууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган милдеттерди аткарууга багытталган режим белгиленет. Режимди камсыз кылуу камакта кармоочу жердин өз милдеттерин аткарбагандыгы же талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тарта турган администрациясына, ошондой эле анын кызматкерлерине жүктөлөт. Камакта кармоочу жерлерде кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, табуу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камакта кармоочу жайларда изин суутпай издөө иш-чаралары өткөрүлөт.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-15)
