# 12-статья. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлери

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112216)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.04.2021 [Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112216); 19.08.2004 [Закон КР от 19 августа 2004 года № 158 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/1558)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107#diff=1219038..1219039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 12-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-12

---

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун катардагы жана башкаруучу курамдагы адамдары, улуттук коопсуздук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камакта кармоо режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарып жаткан аскер кызматчылары камакта кармоочу жерлердин кызматкерлерине таандык болот. Метеорологиялык станциялардын, геологиялык-чалгындоо экспедицияларынын, кыштоолордун башчылары, ошондой эле алар ыйгарым укук берген адамдар камакта кармоонун режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктардан пайдаланышат. Ушул Мыйзамда:

- тергөө изоляторлорунун башчылары;

- жазаны аткаруучу мекемелердин башчылары;

- убактылуу кармоочу изоляторлордун башчылары;

- өз карамагында гарнизондук гауптвахталар болгон аскер бөлүктөрүнүн командирлери;

- гарнизондук гауптвахталардын башчылары;

- убактылуу кармоочу изоляторлордун (УКИ) жана тергөө изоляторлорунун (ТИ) режиминде иштеген, атайын жабдылган имараттары бар тартиптик аскер бөлүктөрүнүн командирлерин камакта кармоочу жайлардын башчылары катары түшүнүлөт.

(КР 2004-жылдын 19-августундагы № 158, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-13)
