12-статья. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлери
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун катардагы жана башкаруучу курамдагы адамдары, улуттук коопсуздук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камакта кармоо режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарып жаткан аскер кызматчылары камакта кармоочу жерлердин кызматкерлерине таандык болот. Метеорологиялык станциялардын, геологиялык-чалгындоо экспедицияларынын, кыштоолордун башчылары, ошондой эле алар ыйгарым укук берген адамдар камакта кармоонун режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктардан пайдаланышат. Ушул Мыйзамда:
- тергөө изоляторлорунун башчылары;
- жазаны аткаруучу мекемелердин башчылары;
- убактылуу кармоочу изоляторлордун башчылары;
- өз карамагында гарнизондук гауптвахталар болгон аскер бөлүктөрүнүн командирлери;
- гарнизондук гауптвахталардын башчылары;
- убактылуу кармоочу изоляторлордун (УКИ) жана тергөө изоляторлорунун (ТИ) режиминде иштеген, атайын жабдылган имараттары бар тартиптик аскер бөлүктөрүнүн командирлерин камакта кармоочу жайлардын башчылары катары түшүнүлөт.
(КР 2004-жылдын 19-августундагы № 158, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 августа 2004 года № 158 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"Редакцияларды салыштыруу
23.04.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Республикасынын ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу алынып салынды: тутумунун, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кошулду: тутумунун катардагы жана башкаруучу курамдагы адамдары, улуттук коопсуздук … башчылары катары түшүнүлөт.
(КР 2004-жылдын 19-августундагы № алынып салынды: 158 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 158, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-12" title="12-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>