# 10-статья. Жазаны аткаруучу мекемелерди айыпталуучуларды камакта кармоо үчүн пайдалануу

- Документ: [Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1107)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85 "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1055/edition/1219026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1107/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө, 10-статья (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-10

---

Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондор, башка кылмыш жасагандыгы жагынан кармалгандар ушул мекемелерде кармалышы мүмкүн, бирок алар жазасын өтөп жаткан соттолгондордон бөлөк кармалат. Өздөрүнө карата бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган айыпталуучулар түрмөлөрдө же жазаны аткаруучу мекемелердин аймагында ушул максаттар үчүн атайын жабдылган, тергөө изоляторлорунун режиминде иштеген имараттарда кармалышы мүмкүн. Өздөрүнө карата бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган негиздер боюнча экспертиза белгиленген учурда, ошондой эле аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн учурда, ушул Мыйзамдын 23-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган тартипте медициналык мекемелерге жаткырылат.

---

Мурунку берене: [9-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-9-1)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1107/st-11)
