# Улахол айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-мартындагы № 5 "Улахол айылдык кеңештин жооптуу катчысы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Улахол айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-мартындагы № 5 "Улахол айылдык кеңештин жооптуу катчысы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110685>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6572/edition/1094808/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улахол айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-мартындагы № 5 "Улахол айылдык кеңештин жооптуу катчысы жөнүндө" токтому (06.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110685

---

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIV СЕССИЯСЫ

2020-жылдын 6-марты № 5 Улахол айылдык кеңештин жооптуу катчысы жөнүндө “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-декабрь 2016-жылдагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык жооптуу катчы И.С.Жээнтаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Улахол айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат :

1. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-декабрь 2016-жылдагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык Улахол айылдык кеңешине жооптуу катчы кызмат орду киргизилсин.

2. Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата квалификациялык талаптарына өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнө сунуштоо жагы жооптуу катчы И.С.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айыл өкмөт башчысына жана Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

Т. Ашымов

Катчы

И. Жээнтаев
