Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көл-Төр айылдык кеңешинин «Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү тууралуу» токтому
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 4 Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү тууралуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтому менен бекитилген “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Ресублткасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунан ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлерин, жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибинин негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айылдык кеңешинин II чакырылышынын XI сессиясынын 19.02.2004-ж. №3 жана Эл депутаттарынын Тоң райондук Кеңешинин II чакырылышынын XXII сессиясынын 03.06.2004-ж. №18 токтому менен берилген Көл-Төр айыл аймагындагы Коңур-Өлөң айылынын №381, 383-контурунан 6га, Көл-Төр айылынан №66-контурунан 2,40га, Тогуз-Булак айылынын №38,89-контурунан 6,82га жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлү агрардык комитетке тапшырылсын.
Төрага
Ч. Болотбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого)…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындягы № 169 токтому менен бекитилген)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон