# Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 28-5/1 "Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин кызматтан бошотууга макулдук берʏʏ жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ" токтому

- Толук аталышы: Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 28-5/1 "Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин кызматтан бошотууга макулдук берʏʏ жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28-5/1
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110539>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6429/edition/1091684/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110539.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 28-5/1 "Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин кызматтан бошотууга макулдук берʏʏ жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ" токтому (21.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110539

---

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 21-июлу № 28-5/1 Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин кызматтан бошотууга макулдук берʏʏ жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2021-жылдын 21-июлундагы, кир:№01-7/213 жана кир:№01-7/214 каттарын карап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу жѳнʏндѳгʏ» Мыйзамынын 44-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясы, токтом кылат:

1. Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Ɵскѳнбаев Сеит Садыровичти, ѳз каалоосу менен, кызматтан бошотууга макулдук берилсин.

2. Каракол шаарынын биринчи вице-мэрлигине, Бапаев Чингиз Арстанбековичти дайындоого макулдук берилсин.

3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Төрага

Т.Ж. Акимканов
