# Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 10-июнундагы № 28-3/1 "Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жѳнʏндѳ" токтому

- Толук аталышы: Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 10-июнундагы № 28-3/1 "Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жѳнʏндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28-3/1
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6389/edition/1090370/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 10-июнундагы № 28-3/1 "Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жѳнʏндѳ" токтому (10.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110499

---

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 10-июну № 28-3/1 Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жѳнʏндѳ Каракол шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын, Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын 10-июнундагы, протоколун угуп жана эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу жѳнʏндѳгʏ» Мыйзамынын 43-беренесинин, 4-бѳлʏмʏнʏн жана «Шаардын мэрин шайлоо жѳнʏндѳгʏ» Жобонун 5-бѳлʏмʏнʏн, 34-пунктунун негизинде, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын III сессиясы, токтом кылат:

1. Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын, 10-июнундагы, протоколу эске алынсын.

2. Каракол шаарынын шайланган мэри болуп, Э.Дж.Джумаев эсептелинсин.

3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏнʏ, ѳзʏмѳ калтырам.

Төрага

Т. Акимканов
