Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каракол шаардык кеңешинин «Каракол шаардык Кенешинин, 2019-жылдын 04-ноябрындагы №27-30/3 «2015-жылдын, 21-октябрындагы №26-36/8 Каракол шаарынын муниципалдык жерлерин жана муниципалдык мʏлк обьектилерин инвентаризациялоо жѳнʏндѳгʏ» токтомуна толуктоолорду жана ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ» токтому
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июну № 28-2/4 Каракол шаардык Кенешинин, 2019-жылдын 04-ноябрындагы №27-30/3 «2015-жылдын, 21-октябрындагы №26-36/8 Каракол шаарынын муниципалдык жерлерин жана муниципалдык мʏлк обьектилерин инвентаризациялоо жѳнʏндѳгʏ» токтомуна толуктоолорду жана ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ Каракол шаарынын мэринин м.а. Э.Джумаевдин, модернизацияланган кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏ курууга, инвестициялык долбоорлор жѳнʏндѳгʏ маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын II сессиясы, токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кенешинин, 2015-жылдын 21-октябрындагы, №26-36/8 « Каракол шаарынын муниципалдык жерлерин жана муниципалдык мʏлк обьектилерин инвентаризациялоо жѳнʏндѳгʏ» токтомунун 2 пунктунун «реестри бекитилгиче токтотсун» деген сѳздѳрдѳн кийин, адаттан тышкары, аукцион аркылуу сатууга жана конкурска коюу ʏчʏн, Каракол шаарынын генералдык планына ылайык, Карасаев, Гоголь, Тоголок Молдо атындагы кѳчѳлѳрʏ тарабындагы, 17 га жер тилкесин долбоорлоо жана кѳп кабаттуу, социалдык-маданий-тиричилик (СМТ) обьектилери бар, турак ʏйлѳрдʏ куруу ʏчʏн бѳлʏп берсин деген сѳздѳр кошулсун.
2. 2пункт, тѳмѳнкʏ сѳздѳр менен алмаштырылсын: «Каракол шаарынын мэриясы:
- кѳп кабаттуу турак ʏйлѳрдʏ жана социалдык обьектилерди куруу ʏчʏн, 17 га жер тилкесине бардык керектʏʏ документтерди, бекитилген шаар куруу документине ылайык даярдасын, 17 гектардын ичинен, болжолдуу аянты 8 га болгон жер тилкеси кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏ куруу ʏчʏн, аукцион аркылуу сатууга жана конкурска коюулуп жана калган 9 га жер тилкеси, социалдык обьектилерди куруу ʏчʏн каралсын;
- Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамдуулугуна ылайык, укуктук-ченемдик актылардын жана мыйзамдардын талаптарын кыйшаюуусуз аткарсын;
- куруучуга, курула турган кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏ суу, электроэнергия, жылуулук жана канализация менен камсыз кылуу ʏчʏн техникалык шарттарды алууга кѳмѳк кѳрсѳтсʏн».
3. 3 пункт, тѳмѳнкʏ сѳздѳр менен алмаштырылсын: «Куруучу:
- долбоорлоо иштерин, Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтʏнʏн 2020-жылдын 17-январындагы, №12 Токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Каракол шаарында жерди пайдалануу жана курулуш Эрежелерин, Кыргыз Республикасынын шаар куруу регламентин сактоо менен генералдык планга, тараптардын ѳз ара макулдугу менен ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ менен жʏргʏзʏʏгѳ;
- кѳп кабаттуу турак ʏйлѳрдʏ долбоорлоону, беш кабаттан кем эмес кылууга;
- кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏн курулушу аяктагандан кийин, мэриянын муниципалдык менчигине анын ʏлʏшʏ катары, турак-жай комплексинин жалпы аянтынан ʏчтѳн кем эмес пайызы батирлер тʏрʏндѳ, биринчиден тогузунчу кабатка чейин берилсин;
- жер тилкенин бекитилген шаар куруу документине (курулуштун долбоору) ылайык, 9 гектарда социалдык обьектилер курулсун;
-талаптарга ылайык болгон трансформаторлук подстанциялар курулсун;
- кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏ тейлѳѳ ʏчʏн, от казаны курулсун;
- берилген жер тилкеси жана ага жанаша жайгашкан аймак абатталсын»;
4. 4 пункт, тѳмѳнкʏ сѳздѳр менен алмаштырылсын: «Эгерде, Карасаев, Гоголь, Тоголок Молдо атындагы кѳчѳлѳрʏ тарабындагы кабаттуу ʏйлѳрдʏн курулушу ʏч жылдын ичинде башталып жана беш жылдын ичинде бʏтпѳсѳ, берилген жер тилкеси бир тараптуу тартипте, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, кайтарылып алынат».
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Токтом ММКларда жарыялансын.
7.Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳлдʏ жʏргʏзʏʏ, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице- мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага
Т. Акимканов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.