# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июнундагы № 5 "Көпүрө куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июнундагы № 5 "Көпүрө куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6093/edition/1071546/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июнундагы № 5 "Көпүрө куруу жөнүндө" токтому (30.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110203

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2020-жылдын 30-июну № 5 Көпүрө куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгына жана “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна ылайык, чек арада жайгашкан Чоң-Сай айылынын тургундарынын Чоң-Сай дарыясынын күн чыгыш өйүзүнө өтүүгө ылайыктап көпүрө куруп берүү жөнүндөгү арызы боюнча айыл башчысы М.Жаныбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чек арада жайгашкан Чоң-Сай айылынын тургундарынын арызын канааттандыруу максатында, Куру-Сай участкасынан Чоң-Сай дарыясынын күн чыгыш өйүзүнө өтүүгө ылайыктап көпүрө куруп берүү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.

2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.

Төрага

Н. Жакыев
