# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июнундагы № 4 "Материалдык колдоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июнундагы № 4 "Материалдык колдоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6092/edition/1071544/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июнундагы № 4 "Материалдык колдоо жөнүндө" токтому (30.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110202

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2020-жылдын 30-июну № 4 Материалдык колдоо жөнүндө “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна ылайык, чек арада жайгашкан Булак-Башы айылынын тургуну Н.Умаровго материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Чек арада жайгашкан Булак-Башы айылынын тургуну Умаров Нурмаматтын мал сарайы белгисиз себептерден улам өрттөнүп, ири көлөмдө чыгымга кириптер болгондугуна байланыштуу, мал сарайын кайрадан оңдоп-түзөө үчүн Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 35 000 (отуз беш миң) сом материалдык колдоо көрсөтүлсүн.

2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.

Төрага

Н. Жакыев
