# Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 172 "Бишкек шаардык кеңешин кээ бир токтомдорунун күчүнжоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 172 "Бишкек шаардык кеңешин кээ бир токтомдорунун күчүнжоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6049/edition/1069789/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 172 "Бишкек шаардык кеңешин кээ бир токтомдорунун күчүнжоготту деп табуу жөнүндө" токтому (08.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110157

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 8-февралы № 172 Бишкек шаардык кеңешин кээ бир токтомдорунун күчүнжоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12 “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө” жобону ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 129 “Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”; Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 11 “Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 129 “Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шаар курулуш жана архитектура маселелерин тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

Ж.Б. Абиров
