# Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы № XXVII/28-1 «Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу, 2018-жылдын 14-ноябрындагы XXVII /15-2 сандуу жана 2019-жылдын 15-февралындагы XXVII /18-1 сандуу «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳ» токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ» токтому

- Толук аталышы: Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы № XXVII/28-1 «Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу, 2018-жылдын 14-ноябрындагы XXVII /15-2 сандуу жана 2019-жылдын 15-февралындагы XXVII /18-1 сандуу «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳ» токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XXVII/28-1
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5912/edition/1067443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы № XXVII/28-1 «Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу, 2018-жылдын 14-ноябрындагы XXVII /15-2 сандуу жана 2019-жылдын 15-февралындагы XXVII /18-1 сандуу «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳ» токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ» токтому (06.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110020

---

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2020-жылдын 6-октябры № XXVII/28-1 «Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу, 2018-жылдын 14-ноябрындагы XXVII /15-2 сандуу жана 2019-жылдын 15-февралындагы XXVII /18-1 сандуу «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳ» токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ» Чүй областынын прокуратурасынын 2020-жылдын 7-сентябрындагы 11/113-20-сунушунун талаптарын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-бер. 3-б. 2 жана 4-пунктарын, 1999-жылдын 2-июнундагы 46 сандуу «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин аткарылышын күчүнѳ киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-бер. жетекчиликке алып, Чоң-Кемин айыл аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктөрдү (объектилерди) Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү маселесин карап, Чоң-Кемин айылдык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Чоң-Кемин айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу, 2018-жылдын 14-ноябрындагы XXVII /15-2 сандуу жана 2019-жылдын 15-февралындагы XXVII /18-1 сандуу «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳ» токтомдоруна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳтүүлѳр киргизилсин.

2. 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу токтомунда кѳрсѳтүлгѳн Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳчөсүндөгү №31 кварталындагы контурда жайгашкан ат кана 0,25 га жер аянты менен жана Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳчөсүндөгү №17 дарегиндеги «Чоң-Кемин» жаратылыш паркынын имараты жер аянты менен Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳрүлсүн деген 4 жана 6-пункттары, Тѳрт-Күл айылы Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагында болбогондуктан, алынып салынсын.

3. Мурдагы «Чоң-Кемин» совхозунун карамагында турган тѳмѳндѳгү кыймылсыз мүлктөр (объектилер) Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкандыгына байланыштуу, Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳрүп алуу жана аларды пайдалануунун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлсүн.

-Калмак-Ашуу айылындагы картошка сактоочу объект 0,15 га жер аянты менен; -Калмак-Ашуу айылындагы дан эгиндерин сактоочу жай 0,074 га жер аянты менен; -Шабдан айылынын Данияров кѳчѳсүндѳ жайгашкан курулуш цех 0,94 га жер аянты менен; -Тѳрт-Күл айылына кире бериш жердеги посттун маңдайындагы тоонун боорундагы чабандык үй кошарасы жана бастырмасы, 0,4075 га жер аянты менен.

4. Аталган кыймылсыз мүлктөрдү (объектилерди) Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳрүп алуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдап, аткаруу жагы Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.

Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы

И.М.Ибраимов
