# Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-февралындагы № XXVII/18-1 "Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII /10-4 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-февралындагы № XXVII/18-1 "Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII /10-4 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XXVII/18-1
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5911/edition/1070445/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чон-Кемин айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-февралындагы № XXVII/18-1 "Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII /10-4 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ" токтому (15.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110019

---

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-февралы № XXVII/18-1 Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII /10-4 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин III-бѳлүмүнүн II-IV-пунктарын жана «Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин аткарылышын күчүнѳ киргизүү жѳнүндѳгү», 1999-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзамынын V-беренесин жетекчилике алып, Чон-Кемин айыл аймагында жайгашкан кыймылсыз объектилерди Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү маселени карап, Чон-Кемин айылдык кенешинин регламентин жетекчилике алып, Чон-Кемин айылдык кенеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳгү» № XXVII/10-4. Токтому мыйзамдуу деп табылсын жана тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳтүүлѳр киргизилсин.

2.Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж 09-февралиндагы № XXVII/10-4. токтомдо кѳрсѳтүлгѳн, Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳч № 17 Чон-Кемин жаратылыш паркынын конторасынын имараты 12573м2 № 31- кварталдагы контур жер аянты менен жана Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳчѳсүндѳ жайгашкан ат кана 0,25 га жер аянты менен № 31- кварталдагы контурдагы объектилер алынып салынсын.

3.Калган тѳрт объектилер боюнча пункттар күчүндѳ калтырылсын.

-Калмак-Ашуу айылындагы картошка сактоочу объект 0,15 га жер аянты менен; -Калмак-Ашуу айылындагы дан эгиндердин сактоочу жайы 0,074 га жер аянты менен; -Шабдан айылынын Данияров кѳчѳсүндѳгү жайгашкан курулуш цех 0,94 га жер аянты менен; -Тѳрт-Күл айылындагы чабандык үй кошарасы жана бастырмасы 0,4075 га жер аянты менен;

4.Аталган объектилерди айыл ѳкмѳтүнүн балансасына ѳткѳрүп алууга тийиштүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.

Чон-Кемин айылдык Кенешинин төрагасы

И.М.Ибраимов
