# Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-жылдын 9-февралындагы № XXVII/10-4 "Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүнбалансына киргизүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-жылдын 9-февралындагы № XXVII/10-4 "Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүнбалансына киргизүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XXVII/10-4
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2018
- Редакциянын күнү: 09.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5909/edition/1067431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110017.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чон-Кемин айылдык кенешинин 2018-жылдын 9-февралындагы № XXVII/10-4 "Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүнбалансына киргизүү жѳнүндѳ" токтому (09.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110017

---

ЧОН–КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 9-февралы № XXVII/10-4 Кыймылсыз мүлктѳрдү Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүнбалансына киргизүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин III-бѳлүмүнүн II-IV-пунктарын жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин аткарылышын күчүнѳ киргизүү жѳнүндѳгү, 1999-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзамынын V-беренесин жетекчилике алып, Чон-Кемин айыл аймагында жайгашкан кыймылсыз объектилерди Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳ маселени карап Чон-Кемин айылдык кенеши; Токтом кылат:

1.Чон-Кемин айыл аймагынын мурдагы «Чон-Кемин» совхозунун карамагында турган тѳмѳндѳгү кыймылсыз объектилер, «Чон-Кемин» совхозу тарап кеткендигине байланыштуу жана ушул убакытка чейин мыйзамсыз пайдаланууда жүргѳндүгүнүн негизинде Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансасына ѳткѳрүлүп алынсын.

-Калмак-Ашуу айылындагы картошка сактоочу объект 0,15 га жер аянты менен -Калмак-Ашуу айылындагы дан эгиндердин сактоочу жайы 0,074 га жер аянты менен -Шабдан айылынын Данияров кѳчѳсүндѳгү жайгашкан курулуш цех 0,94 га жер аянты менен -Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳчѳсүндѳ жайгашкан ат кана 0,25 га жер аянты менен № 31- кварталдагы контур -Тѳрт-Күл айылындагы чабандык үй кошарасы жана бастырмасы 0,4075 га жер аянты менен -Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳч № 17 «Чон-Кемин» жаратылыш паркынын конторасынын имараты 12573 м2 № 31- кварталдагы контур жер аянты менен

2.Аталган объектилерди айыл ѳкмѳтүнүн балансасына ѳткѳрүп алууга тийиштүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.

Торага Чон-Кеминского айыльного Кенеша

Ибраимов И.М.
