# Кайынды шаардык кеңешинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 141/XLII-1 "Кайыңды шаарынын аймагында зоналдык коэффициенттин (Кз) манилүүлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайынды шаардык кеңешинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 141/XLII-1 "Кайыңды шаарынын аймагында зоналдык коэффициенттин (Кз) манилүүлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141/XLII-1
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5908/edition/1070447/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110016.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайынды шаардык кеңешинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 141/XLII-1 "Кайыңды шаарынын аймагында зоналдык коэффициенттин (Кз) манилүүлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому (30.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110016

---

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 30-сентябры № 141/XLII-1 Кайыңды шаарынын аймагында зоналдык коэффициенттин (Кз) манилүүлүгүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде, жергиликтүү бюджетке кошумча киреше кирип турушу үчүн жана келе жаткан жылдын коюлган максаттарынын, ошондой элэ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.Жайгашкан жерлерди пайдалануу үчүн, чарбачылык эмес, үйдүн тегереги жерлерди пайдалангандыгы үчүн, ошондой элэ бак-шактуу жер үлүшүн пайдалангандыгы үчүн Кайыңды шаарынын аймагында 2021 жылына, 2021 жылдын 1 январынан тартып 1.2 өлчөмүндө зоналдык коэффициент (Кз) бекитилсин .

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
